«Нарын» бажы бекетинде чийки заттын мыйзамсыз жүгүртүлүшү аныкталды

«Нарын» бажысы бажы көзөмөлүндө турган чийки затты тиешелүү документтерсиз жана белгиленген төлөмдөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Натыйжада мамлекетке келтирилген 1 млн сомдон ашык зыян толугу менен төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Бажы кызматкерлери «Нарын» эркин экономикалык аймагынын аймагында жайгашкан «К.-К.-Ө.» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн текшеришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана 560 миң килограмм чийки затты «Эркин бажы аймагы» бажы жол-жобосуна жайгаштырганы аныкталган.
Бажы документтерин иш жүзүндөгү калдыктар менен салыштыруу учурунда 141,9 миң килограмм чийки заттын кайда экенин тастыктаган документтер жок экени белгилүү болгон.
Мындан тышкары, ишкананын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнө ылайык, дагы 162 миң 5 килограмм чийки зат тиешелүү бажы жол-жобосуна киргизилбестен, декларация берилбестен жана бажы төлөмдөрү төлөнбөстөн сатылган.
Бажы органынын эсептөөсү боюнча, төлөнүүгө тийиш болгон каражаттын суммасы 1 млн 72 миң 150 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 1 млн 72 миң 150 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке которулган.



