Коом

Милиция жаш өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатуу боюнча жоопкерчиликтерди эскертет

Ысык-Көл райондук ИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору сатуучулар менен 18 жашка чыга элек жарандарга алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдарга болсо аларды колдонуунун терс кесепеттери жөнүндө сабактарды өткөрүшүүдө.

Мындай иш Чоң-Сары-Ой айылдык округунда жакында өтүп, анда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр менен жолугушуп, алар менен спирт ичимдиктерин ичүүнүн жана тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндө маектешти. Ошондой эле айыл округундагы алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын саткан дүкөндөр боюнча алдын алуу рейддери өткөрүштү. Милиция кызматкерлери сатуучулар жана соода жайларынын ээлери менен баарлашып, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын сатууга тыюу салынганын эскертишти.

Мындай рейддердин жүрүшүндө тартип сакчылары сатуучулардын көңүлүн пиво, алкоголдук, алкоголу аз ичимдиктерди, же тамеки заттарын сатууга 18 жашка чыккан адамдарга гана уруксат берилээрине, ал эми зарыл болгон учурда паспортту же сатып алуучунун жашын тастыктаган башка документтерди көрсөтүүнү талап кылуусун түшүндүрүштү.

Соода же коомдук тамактануу кызматкерлеринин пивону, алкоголдук, алкоголу аз ичимдиктерди жана тамеки буюмдарды сатуу эрежелерин бузуусу айып салууга алып келерин милиция кызматкерлери эскертишет.

Милиция жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюусуз сактап, пивону, алкоголдук, алкоголу аз ичимдиктерди жана тамеки заттарын балдарга сатпоо өтүнүчү менен кайрылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button