Коом
Коронавирус. 62 кишиден табылып, үч бейтап көз жумду

Өткөн суткада Кыргызстанда 62 кишиден коронавирус аныкталып, 92 адам сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 17;
- Чүй облусу – 17;
- Ош облусу – 11;
- Талас облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 9;
- Жалал-Абад облусу – 2;
- Баткен облусу – 5.
Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 182 667 киши коронавирус жуктурган. Анын ичинен 177 200 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Аларды кошкондо жалпы 2 715 бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда стационарда 560, ал эми амбулатордук шартта 661 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 11 446 адам өткөн. Анын ичинен 5 613 киши биринчи дозасын, 5 833 адам экинчи компонентин сайдырган.



