Коом
Улукбек Маматаев менен Таалайбек Мадаминов үй камагына чыгышты

“Кемпир-Абад” иши боюнча камакка алынган бир нече активисттер бошотулушту.
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Кемпир-Абад иши” боюнча камакка алынган бир катар саясатчылардын, жарандык активисттердин баш коргоо чаралары каралууда.
Ушул убакытка белгилүү болгондой, Мамбетжунус Абылов, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Таалайбек Мадаминов, Чыңгыз Капаров жана Улукбек Маматаевдин баш коргоо чаралары каралып, баары тең ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылышты.
Буга чейин активист Перизат Суранова үй камагына чыгарылганы белгилүү.



