Коом
Бишкекте үч жаңы жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк ачылды

Учурда алар сыноо режиминде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өтмөктөр Жибек Жолу проспектисинде, 7-Апрель жана Магистралдык көчөлөрүндө жайгашкан.
Мэриянын маалыматына караганда, сыноо мезгилинде адистер өтмөктөрдүн иштешин жана шаар тургундары үчүн канчалык ыңгайлуу экенин баалашат.
Борбор калаанын тургундарын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү колдонууга, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана орнотулган жол белгилерине көңүл бурууга чакырышты.



