Окуялар
Кара-Балтада массалык мушташка катышкан 10го жакын жигит милицияга жеткирилди

Кара-Балта шаарында жаштардын ортосунда мушташ чыгып, окуяга тиешеси бар 10го жакын жигит милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-августка караган түнү Береговая көчөсүндө болгон. Жерине милиция кызматкерлери барып, 17 жаштан 20 жашка чейинки балдарды кармап кеткен.
Учурда мушташка катышкан башка адамдар такталып, териштирүү жүрүп жатат.



