Коом
Аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан дан азыктары кармалды

Кадамжай РИИБнин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын 4-апрель күнү Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында 2 жүк ташуучу унаа токтотулган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынын башкаруусунда келе жаткан бул унаалардагы дан азыктары Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Риштан районунун Шахимардан анклавына аткезчилик жол менен бара жаткандыгы белгилүү болуп кармалды.
Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кармалган унаалар атайын токтотулуучу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат,- деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.



