Билим берүү жайларында коопсуздукту күчөтүү боюнча буйрук чыкты
Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине бир нече милдеттер тагылган.
Алар төмөндөгүлөр:
билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын жана кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;
билим берүү уюмдардын корголушунун абалын текшерүү, педагогикалык жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамга баш ийген жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү;
өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;
билим берүү уюмдарга жарандарды жана автотранспортту өткөрүү режимине көзөмөлдү күчөтүү;
өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда кабарлоо жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;
окуучуларды, студенттерди жана педагогикалык кызматкерлерди алгачкы жардамдын базалык көндүмдөрүнө окутуу жүргүзүү;
видеобайкоо камераларынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын болушун жана оңдугун, кошумча эвакуациялык эшиктердин абалын текшерүү.
Каныбек Иманалиев



