
Өкмөттүн маалыматына ылайык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Ал 11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Бустон шаарында болгон. Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду.
Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат.



