Коом

Улан Ниязбеков: Туристтик сезондо жарандардын жана чет элден келген меймандардын коопсуздугун камсыздоо жогорку деңгээлде жүргүзүлсүн

2024-жылдын 17-майында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү жана инвестициялык бейпилдик, чакан, орто жана ири бизнестин, тоо-кен ишканаларынын коопсуздугу жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү.
Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков жергиликтүү элдин жана чет элден келген коноктордун коопсуздугун сактап, коомдук жайларда жана жарандар эс ала турган аймактарда кылмыштарга, одоно тартип бузууларга бөгөт коюп, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо – бардык ички иштер органдарынын негизги милдети экенин баса белгиледи. Андан сырткары, туризмди өнүктүрүүдө коомдук тартип менен жарандардын коопсуздугу манилүү ролду ойной турганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
Эл аралык практика боюнча жана жалпыга бирдей болгон коомдук эрежеге ылайык, жергиликтүү жашоочуларбы же чет элден келген конокторбу — биринчи кезекте эс алуунун шартына жана коопсуздугуна көңүл бурушат. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм: “Кыргызстанда жакынкы 10 жыл аралыгында туризм катуу өнүгөт” деп билдирип келе жатат. Анткени, биздин өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүгө эч кандай тоскоолдуктардын жоктугу жана жаратылыштын төрт мезгилинде эс алууга бардык жагымдуу шарты бар экендиги белгиленген. Мына ушундай баалоону иш жүзүнө ашырып, туризмди бүгүнкү учурдан дагы бийик деңгээлге чыгаруу максатында, Президентибиз тарабынан үстүбүздөгү жылдын 10-январында “Туризм жөнүндө” мыйзамына кол койгон. Жаңы мыйзам жалпысынан үч багытта иш алып барат.
Биринчи багытта: Туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы түшүнүктөр киргизилди. Анын алкагында, маданиятты, тарыхты даңазалап, экономиканы өстүрүп, экологияга келтирилген зыянды мүмкүн болушунча азайтып, туристтик ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу каралган. “Туруктуу туризм” деген жаңы термин — узак мөөнөттүү долбоорлорго басым жасоо дегенди билдирет.
Экинчи багытта: Туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу милдети аныкталган. Мында, тейлөөнүн стандарттары, мейманканалардын абалы, эс алуу деңгээли жана туризм атаандаштыгы көрсөтүлгөн. Бардык эс алуучу жайлардын абалына катуу көңүл буруп, мамлекеттин карамагындагы эс алуу борборлорунун дараметин жогорулатуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы жана дүйнөлүк инвесторлордун түздөн-түз колдоосу менен ири долбоорлор менен иштөөгө жаңы мүмкүндүктөр түзүлдү.
Үчүнчү багытта: Туризм чөйрөсүндө иш алып барууну жөнгө салуу талаптары коюлган. Узак мөөнөттүү мезгилди камтыган туризмди өнүктүрүп, социалдык-экономикалык максаттарды ишке ашырууда тең салмактуулукка жетишүү белгиленген. Ошентип, дүйнөлүк туризм уюмунун аныктамаларына шайкеш келген индустрияны түптөө, кыска жана орто мөөнөттө туруктуу өнүгүү кадамдары аныкталган. “Туризм жөнүндө” мыйзамында каралган негизги талаптарды сиздерге кыскача айтып өттүм.
Аталган мыйзам боюнча бардык мамлекеттик органдар, керек болсо бул багытта өз ишмердигин жүргүзүп жаткан жеке тараптар да жооптуу болуп саналат. Мына ошол себептен улам, ар кайсы өлкөлөрдөн келген эс алуучулардын баарына бирдей мейкиндикти түзүп берүү ушул мыйзамдын негизги багыты болуп саналат. Бул аракеттердин баары – мамлекетибизде туризм өнүксүн, инвесторлордун келишине шарттар түзүлсүн, жергиликтүү калк жумуш менен камсыздалсын, экономикабыз өссүн, айлык-маяналар жогоруласын, инфра-түзүмдөр жакшыртылсын, элдин турмуш-тиричилиги оңолсун деген ниетте жасалып жатат. Мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан бул аракеттерге ар бир ички иштер органдары түздөн-түз көмөк көрсөтүп, баардык туристтик аймактардын коопсуздугун бекем сактоого милдеттүү. Эми мындан ары туристтердин агымы көбөйүп, эс алуучулардын саны жылдан-жылга өсөт. Ошондуктан, коопсуздук чаралары ырааттуу жүргүзүлүп, биздин өлкөгө келген туристтер нааразы болбой, ыраазы боло турган жагдайда иш алып баруу зарылчылыгын белгилейм. Буга чейинки кеңешмелерде баарыңыздарга жеткиргенбиз, бүгүн дагы бир жолу эсиңиздерге салып өтөйүн.
Нарын жана Чүй облустарында — тоо, жайлоо туризмдери болсо, Ысык-Көлдө лыжа, ден-соолукту чыңдоо жана спорттук туризмдер бар. Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен облустарында тарыхый жана маданий туризмдери ишмердигин жүргүзүп келүүдө.
Бардык региондордо жарандардын жана чет элден келген коноктордун бейпилдигин камсыздоо үчүн “Коопсуздук карталары” түзүлүп, кызматкерлер менен “Милициянын көчмө кабылдамалары” ошого жараша туура бөлүштүрүлсүн.
Жергиликтүү жаран болобу же чет элден келген эс алуучу болобу — милицияны издеп убара болбошу керек. Жер-жердеги райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, бүгүнтөн баштап, туризм аймактарына чыгып, коопсуздук чараларын жеринде карап, кемчиликтерди аныктаңыздар.
Аныкталган кемчиликтерди, фото-видео маалымат катары акимчиликтерге, мэрияларга, туризм департаментинин жер-жердеги бөлүмдөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бериңиздер. Ар түрдүү кырсыктарды, окуяларды алдын алып, жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн, чогуу иш алып баруу милдеттерин эскертип, атайын каттарды жөнөтүңүздөр.
Эл менен түздөн-түз иш алып барган аймактык тескөөчүлөрдүн, кайгуул күзөт, жаш өспүрүмдөр менен иштөө, жол кыймылынын коопсуздугу, туристтик-экологиялык бөлүктөрдүн сырткы формалык кийимдерине көңүл буруп, алардын иш-милдеттерин дагы бир жолу карап чыгыңыздар. Кызматкерлер пайдаланып жүргөн радио-станцияларды, автоунааларды, планшет жана боди камераларды текшерип, техникалык абалдарына катуу көңүл буруңуздар. Нөөмөт бөлүктөрүндөгү “102” байланыш кызматынын ишмердиктерин күнүгө көзөмөлгө алып туруңуздар.
Жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүү, кылмыштуулукка, ар түрдүү терс окуяларга бөгөт коюу иш-чаралары туруктуу жүргүзүлсүн. Туристтерге жана жергиликтүү эс алуучуларга карата жасалган кылмыштарга жеринде бөгөт коюп, адамдардын дайынсыз жоголуусуна, сууга чөгүп же жол кырсыктарына кабылуусуна жол берилбесин.
Андан тышкары, сууда жүрүүчү техникалардан жабыркоо, ар түрдүү кырсыктарга дуушар болуу фактыларына бөгөт коюлсун. Жер-жердеги биринчи жетекчилер — бул талаптарды жеке көзөмөлгө алып, күнүмдүк өтүүчү нускамаларда баардык кызматкерлерге жеткириңиздер.
Айыл өкмөттөр, айыл башчылары, аксакалдар жана жаштар кеңештери, коомчулук арасындагы активдүү өкүлдөр, туризм тармагында иш алып барган уюмдар, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте — элдин коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндүрүү иштерин күчөтүңүздөр.
Кафе, ресторан, эс алуу жайларынын менчик ээлерине жолугуп, кылмыштар жана окуялар орун ала турган болсо, тез арада милиция кызматкерлерин чакырып өткөрүп берүүнү туура түшүндүрүңүздөр.
Курорттук-саламаттыкты чыңдоо мекемелери, туристтик базалар, эс алуу үйлөрү, пансионат, санаторий, лагерь, балдардын ден соолугун чыңдоо комплекстери жана эс алуу борборлорунун жетекчилери менен жолугуп, коопсуздукка байланышкан баардык маселелерди жеринде чечиңиздер. Райондук акимчиликтердин, мэриялардын атайын өкүлдөрү жана мамлекеттик каттоо кызматтары аркылуу өзүңүздөр жооптуу болгон жерлерди тактап, “Аймактык карталарды” ырастап алыңыздар.
Жарандарды, чет элден келген конокторду ар түрдүү жагымсыз окуялардан милиция менен бирге, биринчи кезекте коргой турган өзгөчө кырдаалдар, тез жардам кызматтары менен чогуу “иш-аракеттер” планын бекитиңиздер.
“Укук бузууларды алдын алуунун негиздери”, “Туризм” жана “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарды, жүктөлгөн милдеттерди кынтыксыз аткарууга — Айылдык милиция бөлүмдөрүнөн баштап, Ички иштер министрлигинин кызматтарына чейин жооптуу болуп эсептеле турганын унутпаңыздар. Ошондуктан, коомдук жайлардагы укук бузууларга, жол эрежесин одоно бузууларга жана коомго жат көрүнгөн окуяларга бөгөт коюу иштерин сапаттуу алып барыңыздар.
Жогоруда белгиленип өткөн туристтик сезон боюнча, эл аралык маанидеги иш-чаралар учурундагы жалпы коопсуздук жана акыркы коңгуроо аземдерине байланыштуу комплекстүү иш-мерчемдер түзүлүп, уюштуруу жана аткаруу иштери белгиленди. Кызматкерлердин жарандарга жасаган мамилесинен баштап, жүктөлгөн милдеттерине чейин так көрсөтүлдү. Мезгил-мезгили менен атайын алдын алуу профилактикалык рейддерди өткөрүп, эл арасында таасирдүү пропагандалык жумуштарды жүргүзүү жөнүндө багыттамалар берилди.
Андан сырткары, онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков орун басарларына да тапшырмаларды койду. “Берилген тапшырмаларды аткарбаган же аткарууга чамасы жетпеген жетекчилерди ээлеген кызмат орундарынан бошотууга сунуштарды бериңиздер. Ички иштер министрлигинен атайын комиссия түзүп, жер-жерлерде туристтик сезон учурунда элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча даярдыктарын жана тапшырмалардын аткарылышын текшерүүгө жөнөтүңүздөр. Мындан ары, ар бир жетекчинин аткарган ишмердигин баалоо системасы — отчёттук көрсөткүчтөр менен гана эмес, жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткаруу индикатору менен каралат”,-деп баса белгиледи ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button