Коом
Надира Нарматова Нурдан Орунтаевдин үстүнөн даттанды. “Бул баланын орду курулушта эмес, милицияда экен”

Депутат Мамкурулуштун жетекчисин чакырса келбей, сунуштарын укпай жатканына нааразы болду. Кайра-кайра чалып атып чакырса, келип 5 мүнөт отуруп эле туруп кетип калганын айтты.
Эл өкүлү Ноокат районундагы капиталдык салымдар боюнча сурамак болгон.
“Кечээ мен чакырсам “90 депутаттын ар бирине барганга убактым жок, өзүмдүн графигим бар” деп милициялык мүнөз менен жооп бериптир”, — деди Нарматова.



