Коом

Үч айда Кыргызстан Өзбекстандан 188,4 млн долларга товар экспорттоду

Ушул жылдын үч айында Кыргызстан Өзбекстандан 188,4 млн. долларга товар экспорттоп, 65,2 млн. долларга товар импорттоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистикалык агенттиги жарыялаган отчетто берилген. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Өзбекстан эң көп соода жүгүрткөн 10 өлкөнүн 8-болгон. Ошондой эле, Кыргызстан Өзбекстандын бюджеттик профицити болгон үч өлкөнүн катарына кирет. Төмөндө Өзбекстан үчүн тышкы соодада ийгиликтүү үч өлкө: 

  • Ооганстан — 177,1 млн. доллар;
  • Кыргызстан — 123,2 млн. доллар; 
  • Тажикстан — 101,1 млн. долларды түзгөн. 

“Тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча 20 ири өнөктөш өлкөнүн ичинен үчөө тышкы сооданын оң балансына ээ болду. Булар, атап айтканда, Ооганстан, Кыргызстан жана Тажикстан. Калган 17 өлкө менен тышкы сооданын терс сальдосу сакталууда”, — деп айтылат маалыматта. 

Бүгүнкү күндө Өзбекстан дүйнөнүн 167 өлкөсү менен соода байланышын жүргүзөт. Тышкы сооданын эң чоң көлөмү 15,9% менен Кытайга туура келет. Россия — 15,1%, Казакстан — 7,5%, Түркия — 5,6%, Германия — 4,6%, Түштүк Корея — 4,1% жана Түркмөнстан — 1,8%ды түзөт. 

Отчеттук маалыматта коңшу мамлекеттер менен тышкы соода байланыштарында чоң өзгөрүүлөр болгондугу айтылат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button