
Россиянын президенти Владимир Путин мамлекетке чыккынчылык кылгандар үчүн жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга чейин катаалдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Кылмыш кодексинин «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» боюнча 275-беренесине өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, тыңчылык, чет өлкөлүктөргө мамлекеттик сыр катылган маалыматтарды берүү, душман тарапка өтүү, Россияга каршы каржылык, материалдык-техникалык, кеңеш жана башка жардам көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат.
Буга чейин мындай кылмыштар үчүн айыпкер 20 жылга чейин камакка алынып, 500 миң рубль өлчөмүндө айып тагылган.



