Саясат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстандын элчисин кабыл алды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абылкайыр Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектүү багыттары талкууланды. Шаар башчысы Ош шаары менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында тыгыз өнөктөштүк орнотулганын белгилеп, бардык багыттар боюнча өз ара байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле жолугушууда өлкөлөр аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тарап үчүн тең пайдалуу демилгелерди ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тектеш кабарлар

Back to top button