Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү учурунда президенттик милдетин аткара берет

Кыргызстандын учурдагы президенти Садыр Жапаров жаңы президенттик мөөнөткө көрсөтүлгөндөн кийин да өз ыйгарым укуктарын аткара берүүгө укуктуу. Бул тууралуу БШКнын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү өзгөчөлүк «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда каралган.
Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категориялары талапкер катары көрсөтүлгөндө кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотушу же убактылуу токтотуп коюшу керектиги белгиленген. Бирок бул талап учурдагы президентке тиешелүү эмес.
10-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тууралуу арыз берген Садыр Жапаров президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда да мамлекет башчысынын милдеттерин аткара берүүгө укуктуу.
Ошону менен бирге, бардык талапкерлер бирдей шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө коюлган чектөөлөрдү сактоого милдеттүү.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.



