Коом

Эрбол Султанбаев: Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок

Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок, — деп билдирди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Ал АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу менен таанышып чыгышкандыгын билдирди.

«Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.

Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.

Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.

Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз», — деди Султанбаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button