Коом
Оштогу “Царский двор” кафеси астында турган даракты түбүнөн кыйып салганы үчүн жабылды

Калаа мэриясы кафе жайгашкан жерди ижарага берүү келишими үзүлүп, бошотуп чыгып кетүү талабы коюлганын билдирди.

Ал эми “Жашыл чарба” ишканасынын директору “бул сыяктуу катаал чаралар көрүлбөсө эртең дагы башка ээн баштар чыга берет” деген пикирин жазды.
Оштогу Экотехкөзөмөл кызматы кафенин жетекчилигине 15 дарактын кооптуу бутактарын бутоого уруксат берилгенин айтты. Бирок алар өз билемдик менен «Бака терек» дарагын түбүнөн кыйып таштаганы белгиленди. Бул үчүн 37,6 миң сом айып салынган.



