Коом

Төө-Ашууда кар. Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларындагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө турат. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Маалымат боюнча, жолдордо күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылууда.

Бүгүн саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 28-октябрда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Ушу тапта № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери айтылды.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button