Коом

Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт.

Мындан улам 19-майдан тарта аталган туннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.  

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button