Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн «Ачык эшик күнүн» өткөрүштү — ФОТО

Балыкчы шаардык Ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору шаардык мектептердин жогорку класстарынын окуучулары үчүн «Ачык эшик күнү» акциясын өткөрүштү.
Бул иш чаранын максаты — өспүрүмдөрдү милициянын ишмердүүлүгү, кызматтын өзгөчөлүктөрү жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына тапшыруу шарттары менен тааныштырууга багытталды.
Милиционерлер мектеп окуучуларына өз кызматтарынын өзгөчүлүктөрү жөнүндө кеӊири айтып беришти, нөөмөт бөлүмү кандай иштерин, арыздарды кабыл алуу жана каттоо процессин, ошондой эле кылмыштар жана укук бузуулар тууралуу билдирүүлөр кандай катталып, ал боюнча териштирүү иштери кандай жүргүзүүлөрүн көрсөтүп беришти. Ошондой эле, шаардык милициянын тарыхы менен тааныштырып, кызматкерлердин кызмат учурундагы каармандык иштери тууралуу да айтып беришти.
Милиция кызматкерлери милициянын куралдануусунда турган курал-жарактарды жана тартип бузуучуларды кармоодо колдонулган күжүрмөн-күрөштүн ыкмаларын көрсөтүштү. Ал эми криминалисттик кызматтын эксперт-криминалисти кызматтык чемодандын мазмуну менен тааныштырып, ар бир шаймандын кандай иштерди аткарылышын түшүндүрүп берди жана жүргүзүлгөн экспертизалардын түрлөрү жөнүндө маалымат берди.
Жолугушуунун соңунда жогорку класстын окуучулары тартип сакчыларына өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, кызыктуу куруп берген маеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.









