КоомОкуялар

Бишкекте иш бөлмөгө кирип, 3,5 миң доллар жана 120 миң сом уурдаган жаран видеого түшүп калган

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-апрелде милицияга жаран арыз жазып, ошол эле күнү саат 15:50 чамасында курулуш компаниялардын биринде иш бөлмөдөн сумкада турган 3,5 миң доллар жана 120 миң сомду алып чыгып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.

Бул жердеги шилтемеден акча уурдаган жарандын видеосун көрө аласыздар:

https://www.instagram.com/p/CsSsrWKoM27/

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button