Коом

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн каза тапты

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Маалыматты Талас ОИИБси таратты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-январында милицияга Талас районундагы дарыгерлер борборунан маалымат түшкөн. Анда саат 07:18 чамасында Кара-Ой алынын 2001-жылы туулган тургуну Чат-Базар аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жумганы айтылган.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталып, жерине топ барган. Ошондой эле Кара-Ой айылынын 1993-жылы туулган тургунунан арыз түшкөн. Ал 3-январда саат 06:00 чамасында жубайын төрөтканага алып барганын, каза болуп калганын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми каза болгон келинге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button