Саясат

Бөлтүрүк: “Кумтөрдө” запастар көп, башка кендерди да иштетүү пландалууда

«Кумтөр голд компанинин» иштери  боюнча  «Биринчи радионун» түз эфиринде компаниянын убактылуу тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк элдин суроолоруна жооп берди.

— Канадалыктар дагы деле иштеп атат дейт. Алар кийин силерге зыян келтирбесин...

-Биздин балдар өзүбүздөн практика өтсүн деп алып жатабыз. Стажерлорду көбөйтүп жатабыз. Дагы кишилерди да жумушка алалы деген пландар бар. Коопсуздук кызматы деген бар. Ал группага да көп кишилерди алабыз. Центерра собатаж жасап жатат,  эмне болуп кетет деп. Бензин , солярка келип жатат аларды да жакшы карап текшерип алып жатабыз. Компьютердик техникаларга вирус киргизип жибербесин деп бир топ чараларды көрдүк. Алдын ала иштей беребиз кам санабаңыз. Бизди иштеп жаткандардын баары колдоп атышат. Биз артка тайбайбыз. Аягына чейин чыгабыз. Буюрса Кумтөр өзүбүзгө калат, өзүбүз иштетебиз. «Центерра» менен өзгөчө сүйлөшөбүз.

-Бюджетке кандай пайда болду?

ТСадыр Жапаровдун салымы бар. Ал кишисиз Кумтөр ордунан жылбайт болчу. Экинчиден комиссия абдан жакшы иштеди. Бир топ кишилердин, өкмөттүн колдоосу менен азыркы даражага келдик. Бюджетке салымыбызды көбөйтөбүз. Фонддорду тезирээк ачсак жакшы болот.

— Буга чейин эмнеге унчукпай келгенсиз?

-Мен үн катып эле жүргөм. 2013-жылы деле Атамбаевге кат жазгам. Депутаттар Торонтого келгенде деле кеңешимди айткам. Колуман келишинче премьер министрлер менен иштеп келгем. Атамбаев деле катыма жооп жазган жок. Садыр Жапаров келгенде эле чакырып  суранганда, келип иштеп берем дегем. УКМКнын чечимдери боюнча ичип жегендерди азыртадан жоопко тартыш керек. Кумтөрдө азыр ким алтын уурдаган, ким ГСМ уурдаганы азыр чыгып атат. Толтура  кылмыш  иши ачылды. Бир чети тазаланып албасак андан ары иштеш кыйын болот. Эл карап атат, уурдагандарды да билишет. Маалыматтар да көп. Четинен тазаланып атабыз.  Биздин иштеген балдарга айтып жатам, уурдасак да өзүбүздүн келечектеги балдардыкын уурдап атабыз деп. Бул биздин келечектеги балдарга жумшайлы деп айтам. Кумтөрдөгү кирешени жаңы алтын кендерге жумшайлы деп атабыз. Таластагы “Андаш”, “Талды булак”,  “Жетим тоо» ошолорду иштеткенге жумшайлы деп жатабыз. Келечек чоң. Кумтөрдөгү запастар көп. Азыркыга караганда Кумтөрдөн алтын эки эсе чыгат. Музга тийбей жердин астынан алтынды казып алсак бери дегенде 40 жылга жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button