Коом

Чу дарыясында балыктардын массалык өлүмү. Анализдин жыйынтыгы чыкты

Айыл чарба министрлиги балыктар массалык түрдө кырылып жаткан Чу дарыясынан алынган үлгүлөрдүн анализинин жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 16-майда Чу дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде балыктын патологиялык материалдары жана суунун үлгүлөрү алынган.

«Жыйынтыгында бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулу заттар, паразитологиялык ооруулар аныкталган жок. Ошондой эле суунун курамын текшергенде андан дагы эч кандай токсикалык элементтер аныкталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чу дарыясынан балыктардын массалык өлүмү катталып, Айыл чарба министрлигинин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button