Коом

Чүйдө инкассаторго кол салган шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда инкассаторго кол салууга шектелген адамдар кармалды, деп милиция билдирди. Москов РИИБге инкассатор болуп иштеген А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Маалымат боюнча, 18-октябрда болжол менен саат 04:30 чамасында Москва районунун Петровка айылында газ куюучу жайдын артында беткап кийген адамдар анын жүзүнө газ чачып, эки сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. кармалып, камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button