Саясат

Президент Жапаров: Катар Эмиринин мамлекеттик сапарынын тарыхый мааниси чоң

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен кеңейтилген жолугушууда: «Сиздин мамлекеттик сапарыңыз абдан маанилүү тарыхый мааниге ээ», — деди.

Президент Катар мамлекетинин башчысы араб өлкөлөрүнүн президенттеринин арасында биринчилерден болуп келгенин белгиледи. Бул чоң кубаныч жана сыймыктануу, деди Жапаров.

«Кыргыз-Катар мамилелери жаңы деңгээлге чыгууда. Катар мамлекет катары бир топ бийиктиктерге жетишти. Быйыл биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Биз бул юбилейлик датаны катарлык досторубуз менен белгилеп жатабыз. 25 жылдын ичинде саясий мамилелерибиз өнүгүп, ар кандай окуялар болуп өттү. Бүгүн биз бир катар эки тараптуу документтерге кол коебуз, бул мени кубандырат. Бул Катар Эмиринин 10 жылдык башкаруусунун оң жетишкендиктери», — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы достук мамилеге үмүт артарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button