Коом

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоого даяр

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсенинин башчысы Навид Накви менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасын, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну, энергетика тармагын өнүктүрүү жана Digital CASA долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн, жеткиликтүү жана ийкемдүү каржылоону, техникалык жана экспертизалык колдоо жагынан ишенимдүү өнөктөш экенин билдирди.

Ал эми Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даярдыгын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button