Коом
Оштун прокуроруна келген ишкер аял өзүнө бензин куюп жиберди

Кечээ, 8-июнда Ош шаарында ишкер аял Ош шаарынын прокурору Малик Бектургановдун кабылдамасында өзүнө бензин куюп жиберди. Андан ары өзүнө өрт коюу аракетинде прокуратуранын кызматкерлери токтотуп калышкан.
Ишкер аял 1,8 миллион сомго алган батутун шаардагы сейил бактардын бирине орнотулгандан кийин алынганына арызданган. Жергиликтүү бийлик ага уруксат берилбеген жерге орнотууга тыюу салган.
Башкы прокуратурадан ишкер аялдан түшкөн арыз каралып жатканын маалымдашкан.



