Саясат

БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын юристи Медина Кутбердиеванын маалыматына ылайык, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Дамира Ниязалиевага берилген добуштарды жокко чыгарды.

«Бишкектин административдик соту жана Жогорку сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп таап, күчүндө калтырды», — деди ал.

Кутбердиева белгилегендей, Дамира Ниязалиева шайлоодо 35,86% добуш алган. Эгерде шайлоого келгендердин 30 пайыздан көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылат. Бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген.

Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Кийинчерээк аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button