Таяк тартыш боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстандын спортчулары 18 медаль утушту

16-июндан 18-июнга чейин Моңголиянын Улан-Батор шаарында таяк тартыш боюнча Азия чемпионаты өттү. Ага Моңголия, Кыргызстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Түштүк Корея жана Кытайдын өкүлдөрү, жалпысынан 90дон ашуун
спортчу катышты.
Кыргызстандын спортчулары 18 медаль: 8 алтын, 5 күмүш жана 5 коло утушту.
Медаль тагынган кыргызстандык спортчулар:
– Турдушев Жанарбек — 1-орун,
– Тохтаматов Мухаммед-Али — 1-орун,
– Имашов Адилет — 1-орун,
– Айтбаев Элдос — 1-орун,
– Абдыкадырова Элза — 1-орун,
– Майлибашева Назия — 1-орун,
– Назирова Айдай — 1-орун,
– Көчкөнбаева Рамина — 1-орун,
– Шербакун уулу Ислам — 2-орун,
– Бурманов Нургазы — 2-орун,
– Шайыков Байбек — 2-орун,
– Маданбаева Адел — 2-орун,
– Рахманова Дидора — 2-орун,
– Ырышбаев Улукбек — 3-орун,
– Акылбек уулу Эржан — 3-орун,
– Чыныбек уулу Русланбек — 3-орун



