Спорт

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Бул Кыргызстандын быйылкы оюндардагы алгачкы алтын медалы болду.

60 кг салмак категориясындагы финалда Шаршенбеков Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиевди 7:5 эсебинде жеңди.

Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап:

  • 1/8 финалда Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди;
  • чейрек финалда Түркмөнстандын өкүлү Азатжан Ачиловду 8:0 эсебинде утту;
  • жарым финалда Ирактын балбаны Сажад Али Мукасра Альбидханды 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Эске салсак, XX жайкы Азия оюндары Япониянын Нагоя шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүүдө. Кыргызстанды мелдешке 30 спорт түрү боюнча 168 спортчу өкүлчүлүк кылууда.

Жалпысынан оюндарга 45 өлкө жана аймактан 11 миңге жакын спортчу катышып, 469 комплект медаль үчүн күч сынашууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button