Спорт

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Жапониядагы Азия оюндарынын финалына чыкты.

Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда.

Кыргызстандык балбан мелдешти 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кореялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалдык беттеште Түркмөнстандын спортчусу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Ирак өкүлүн дагы мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Эми Шаршенбеков финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен беттешет.

Тектеш кабарлар

Back to top button