Маданият

Сексуалдуу, ажарлуу! Ырчы Айгерим Расул кызынын Инстаграмм баракчасы 6 миллионго жетти

Кечээ жакында  ыры Айгерим Расул кызы Инстаграмм баракчасында катталуучулардын саны 6 миллионго жеткенин сүйүнчүлөп  фейсбук баракчасына жазды.

“Сүйүнчү фейсбук калкым, биз инстаграмда 6.000.000 болдук!!! Аллахка шүгүр, катталуучуларымдын саны мүнөт сайын өсүүдө!  Себеби 6 миллиондун ичинде Кыргызстандан гана эмес Казахстан, Өзбекистан, Россия, Тажикстан, Туркия жана башка өлкөлөрдөн катталган катталучуулар бар! Буюрса дүйнө жүзүн багындырабыз!” – деди ырчы айым.

Айгерим Расул кызынын чыгарган ар бир видеосуна жана  сүрөттөрүнө көпчүлүк күйөрмандары анын сулуулугун айтып, сексуалдуулугун көрсөтүп, талантына баа беришет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын март айынын аягында эле  ырчы айымдын инстраграмм баракчасына катталуучулардын саны 5 миллион экенин айткан эле…

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button