Маданият

Улуттук тарых музейинде Түркиянын археологиялык мурастарына арналган фотокөргөзмө ачылды

Улуттук тарых музейинде Түркиянын археологиялык мурастарына арналган фотокөргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки мекеменин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий жана маданий байланыштарды чыңдоо маселелери белгиленди.

Көргөзмөгө Түркияда 2025–2026-жылдары жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын жүрүшүн, табылган тарыхый буюмдарды жана маданий мурастарды чагылдырган фотосүрөттөр коюлду.

Тектеш кабарлар

Back to top button