Билип алыңыз! Сиздин ийгиликти өстүрүүгө салым кошо турган 9 ыкма
Ар бир адам ийгиликти багындыргысы келет. Бирок, ал жүрүм турумун, ой жүгүртүүсүз, айланасындагыларды өзгөртпөсө ийгиликке жетүү кыйын деп айтышат адистер. Андыктан сизди ийгиликке ээрчите турган ыкмаларды билип алыңыз.
1. Кутунун сыртында ойлонуу
Бүгүнкү күндө оригиналдуу идеялар абдан кымбат турат. Чет өлкөдө өзгөчө идеялар кымбат баага сатылат. Ал эми сиз ийгиликтүү болгуңуз келсе иштеп жаткан ордуңуздү өзгөртүңүз, айлана чөйрөнү өзгөртүңүз, көз карашыңызды өзгөртүңүз — сиздин идеяңыз да өзгөрөт.
2. Лидерлик
Дайыма бир нерсеге ээ болууга мүмкүнчүлүк алыңыз: долбоор, кыймылсыз мүлк, кырдаал. Ийгиликтүү адамдарды уялбай эле ээрчиңиз, лидерлик сапатты үйрөнүңүз. Ийгиликти артка тарткан, ичи тар, жалкоо, ийгиликсиз, ар дайым “жок, жетпейт” деген адамдардан алыс болуңуз.
3. Үйрөнүүнү каалоо
Эгерде сиз ушуну менен токтоп калбай жана алдыга умтулууну кааласаңыз, анда ар дайым өнүгүшүңүз керек. Бардык ийгилик алып келчү, мотивация берүүчү тасмаларды көрүп, окуп үйрөнүп турушуңуз керек. Бул ыкма сизди ийгиликке гана жетелейт.
4. Деталдарга көңүл буруу
Сиз кайсыл ишти баштабаңыз, өз тармагыңызда толук компетенттүү болсоңуз, аны менен таанышсаңыз жана өз оюңузду туура түзсөңүз, бул адамды арбап алат жана кирешелүү ийгиликке жетелейт.
5. Жардам берүүгө даяр болуу
Эгер сиз башкаларга жардам берсеңиз, анда сизге да жардам берилерин эсиңизден чыгарбаңыз. Сиз жардам алган адамдан жардам болбосо, сөзсүз башка адамдан сизге жардам болоорун билиңиз. Кудай боорукер жана аракетчил адамды жакшы көрөт деп билиңиз.
6. Тааныштар тармагы
Тааныштар тармагы — бул сиздин колдооңуз, жарнамаңыз, ал акыркы жаңылыктардан кабардар болуп туруучу маалымат каналы. Тааныштарыңыз аркылуу жасаган ишиңизди да жарнамалай аласыз. Сиздин жакшы ишиңизди алар оозеки бирөөлөргө айтып, сунуштаса да бул жарнама деп эсептей бериңиз.
7. Чечимин табууга болгон мамиле
Көпчүлүк иш берүүчүлөрдө позитивдүү ой жүгүрткөн адамдар жетишпейт, алар кейиштуу окуялар жөнүндө айтса аны менен боор оорутпастан, кырдаалдан чыгуунун жолун сунуш кылыңыз. Негатив ойдон, бирөөлөрдүн сага боор оорусунан, аеосунан качыныз. Өзүңүздү ишенимдүү алып жүрүңүз жана чечимди туура, бат кабыл алууна үйрөнүңүз.
8. Жөнөкөйлүк
Текеберчиликтен качыңыз. Айрымдар олуттуу көрүнүш үчүн текебердикти каалашат. Анын өзүнүн жагымдуулугу бар, бирок ал адамдарды токтоолук, ачыктык, жагымдуулукту жакшы баалашат. Мындай текебер адамдарды да кабыл албаңыз.
9. Тажрыйбалуулук
Сиз бир иштен тажрыйба алган соң, андан ары өнүгүшүңүз керек — андыктан ишкердүүлүгүңүздү өркүндөтүңүз. Натыйжалуу жана өз убагында кабыл алынган чечимдер, атүгүл катаал чечимдер гана ийгилик алып келет. Албетте, айланаңызга тажрыйбалуу адамдарды көбүрөөк топтоңуз. Негаивдүү эмес, позитивдүү ойлонгон, иштерман адамдардан түзүлгөн жамаат гана ийгиликке жетелейт.
P.S. Интернет булактарынан алынды


