Пайдалуу кеңештер

Сексуалдуу энергияны күчөтүп, сулуулукту арттырат. Көк чайдын пайдасы

Кадимки көк чайдын ден соолукка тийгизген оң таасири зор экенин билсеңиз керек. Сулуулукка да пайдалуу экенинен кабарыңыз барбы?

Көк чайдын пайдасы:

— сексуалдык энергияны күчөтөт;

— суусунду кандырат, токсиндерден тазалайт;

— эмгекке жөндөмдүүлүктү арттырат;

— депрессиядан арылтат;

— бир күндө эки чыны көк чай ичкен адам күн бою сергек жүрөт;

— көп убактысын монитор, телевизор алдында өткөргөн адамдар үчүн өзгөчө пайдалуу;

— абасы чаңдуу шаарларда жашаган адамдар көк чайды сөзсүз ичиши керек;

— зат алмашууну жакшыртат. Бул үчүн 100 грамм сууга 2 грамм көк чайды демдеп, ага имбирь, корица, лимон же жалбыз кошуп ичиңиз.

Көк чай арыктоого жардам берет

Көк чай ичүү менен бир күндө 1-2 килограммга арыктоого болот. Бул үчүн 1 литр сүткө көк чайдан себелеп демдеп, аны күн бою ичип жүрүңүз. Эгер сүттү сүйбөсөңүз, көк чайды кадимкидей демдеп алып, ага теңме-тең кылып сүт кошуңуз (бир литр кайнак суу, бир литр сүт). Буга бал кошуп ичсеңиз да болот. Натыйжада организмдеги ашыкча суулардан арылып, салмагыңыз бир калыпка келет.

Интернет булактарынан алынды

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button