Окуялар

УКМК: Раззаков шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбор аныкталды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма лицензиянын негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун ишмердүүлүгү токтотулду.

Медициналык борбор колдонгон лицензия КР Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын жана уруксаттардын мамлекеттик реестринде жок экендиги аныкталды. Медициналык борбордун ээси Лейлек районунун Раззаков шаарынын Х.А. аттуу тургуну, жана андан башка медициналык кызматты дагы эки кызматкер көрсөткөн. Ошол эле учурда борбордун кызматкерлерин салык органдарына каттоо жасалма лицензиянын негизинде жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн жасалма лицензия жана башка документтер табылып алынды. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүндө ошондой эле санитардык нормаларды бузуу фактылары аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешеси бар адамдарга чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button