Чек арадагы кагылышуудан 24 кыргызстандык мерт кетти

Баткендеги саламаттык сактоо уюмдарына 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн, — деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.
Ведомствонун маалыматына караганда, 17-сентябрь саат 01:30га карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 28 жабырлануучу;
2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;
3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,
4. ЖДПБ Сүлүктү – 3 жабырлануучу,
5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу,
6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу
Ошондой эле ыкчам маалыматка ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына мерт кеткен 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына — 12, Лейлек ЖДПБсына — 10, Кулунду ЖДПБсына — 2.
«Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат билдирүүдө.



