ИИМдин “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борбору өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө

Кыргызстандыктарга мамлекеттик тейлөөнү сапаттуу көрсөтүү, ИИОнун ишин санариптештирүү үчүн республиканын бардык аймагында “Бирдиктүү терезе” режиминде калкты тейлөө борборлору жана пункттары ачылган.
“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жарандарды тейлөөнүн жаңы форматы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштырууга, жарандарга жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүүгө, кызмат көрсөтүү убактысын, процедуралардын санын кыскартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Кошумча ачылган борборлордун жардамы менен, алыскы айылдарда жашаган жарандар бир тактама алуу үчүн борборго же облустук борборлорго келип, узун кезекте туруп убара болуунун кажети жок.
“Бирдиктүү терезе” аркылуу жарандын соттолгон же соттолбогондугун, автотранспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү тактамаларын, жарандык жана кызматтык куралды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча документтерди берет.
Отчеттук мезгилде 2023-жылдын 9-январынан тартып 30-апрелине чейин 5191- апостилденген тактама берилген; 134903-соттуулугу бар жоктугу тууралуу тактамалар берилген; курал-жарак сактоого уруксат алуу үчүн кабыл алынган жана берилген документтер жана Ички иштер министрлиги тарабынан берилген лицензияларды алуу үчүн документтер бардыгы болуп-778 документтердин тизмеси кабыл алынган жана берилген.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча “Бирдиктүү терезе” борборлор:
-Чүй облусунун Жайыл районунда жана Токмок шаарында;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Торо, Аксы, Чаткал, Базар-Коргон райондорунда жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында;
- Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунда;
-Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларында;
-Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда;
-Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу жана Түп районундорунда;
-Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда ачылып, алар өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Учурда Бишкек шаарында жана аймактарда “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча 41 борбор жана пункттар иштеп жатат.
“Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат тейлөөлөрдү көрсөткөн борборлордун даректери:
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат тейлөөлөрдү көрсөткөн борборлордун дареги:
-Чүй облусунун ИИББдин имаратында (Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү №115, тел.: (0312) 36-94-17, 36-94-18);
-Жалал-Абад облусунун ИИБде (Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсү №37, тел.: (03722) 7-18-17);
-Ош ОИИБде (Ош шаары, Ленин көчөсү №199, тел.: (03222) 6-64-20);
-Нарын ОИИБде (Нарын шаары, Ленин көчөсү №27, тел.: (03522) 5-70-22);
-Ысык-Көл ОИИБде (Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү № 146 “а”, тел.: (03922) 5-62-90); - Баткен ОИИБде (Баткен шаары, Раззаков көчөсү № 4, тел.: (03622) 5-02-28 ;
-Талас ОИИБде (Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191, тел.: (03422) 5-56-96);
2023-жылдан май айында Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча “Бирдиктүү терезе” борборлору Чүй облусунун Сокулук райондук жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө жана июнь айында Чүй облусунун Ысык-Ата жана Ош облусунун Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүндө ачылып элге кызмат кыла баштады.
Тактамаларды берүү күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүп, дем алыш күндөрү-ишемби, жекшемби күндөрү экенин эсиңиздерге салабыз. Жооптуу милиция кызматкерлери кезекте турган бардык жарандарга даяр тактамаларды тапшырмайынча жумуш ордунан чыкпайт.



