Окуялар

УКМК: 8 куту дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк кармалды — ФОТО

КР УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында Кыргыз Республикасына чет өлкөлөрдөн алынып келинген дары-дармек каражаттарын Өзбекстан Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып өтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы аныкталды.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында, 2023-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын жараны — Ноокат районунун Т.М.М. аттуу тургунунун башкаруусундагы мамлекеттик номуру 02kg076AEC болгон “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаа кармалып, текшерүү учурунда унаадан 8 кутуча дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк табылган.

Мындан тышкары, унаа өткөн мамлекеттик чек ара тилкесинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө кошумча 127 куту дары-дармектер табылган, аны экинчи унаа түшүрүп, белгисиз багытта жүрүп кеткен.

Кармалган аткезчилик жүктүн базар баасы болжол менен 4 миллион 406 миң 380 сомду түзөт.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button