Коом

Ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

Бүгүн саат 09:00го карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташыган унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Транспорт министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button