Маданият

Акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Кыргыз радиосунун баяндамачысы, акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Акындын астма оорусунан жабыркап жүргөндүгү айтылды.

Гүлжамила Шакирова 1955-жылдын 28-декабрында Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда адабий редакцияда «Нуска», “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” аттуу программаларды даярдап эфирге чыгарган.

Гүлжамила Шакирова уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн УКТРнын “Мыкты журналисти” диплому, 1996-жылы “КТРдин отличниги” төш белгиси менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button