Маданият

Байге млн сом. Чаткал районунун 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөт

Чаткал районунун 90 жылдык мааракесине карата төкмө акындардын республикалык айтышы уюштурулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иш-чаранын негизги максаты — кыргыз мамлекетинин азаттыгын, бүтүндүгүн даңазалоо, эл үчүн эмгек кылган инсандардын өрнөктүү өмүрүн даңазалоо жана кыргыз элинин нукура маданий мурасы болгон төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү.

Айтыштын тандоо туру 2026-жылдын 13-июнунда саат 10:00дө Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтөт. Каттоо ошол эле күнү саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.

Тандоо туруна акындык өнөргө шыгы бар бардык каалоочулар катыша алышат. Катышуучулар чүчү кулак аркылуу жупташып, алым сабак түрүндө күч сынашат. Ар бир жупка 4–5 мүнөт убакыт берилет. Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 12 акын финалдык баскычка жолдомо алышат.

Катышуучулар төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүүсү, чечендиги, шайырлыгы, ырларынын көркөмдүгү жана нарктуулугу боюнча бааланат. Ошондой эле үнүнүн кооздугу, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты да эске алынат.

Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 20-июнунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылындагы маданият үйүндө өткөрүлөт. Финалдык беттештер упайлык негизде өтүп, акындардын жуптары чүчү кулак аркылуу аныкталат.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Иш-чараны Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0504 57 17 57.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button