Сиз билесизби? Заара чыгаруучу дарыны өз алдынча ичүүнүн ден соолукка зыян

Өзүм билемдик менен суюктук чыгаруучу дары ичкендердин жүрөгүнүн иштеши бузулуп, подагра дарты, кант диабети пайда болушу мүмкүн.
Денедеги шишикти кетирүү же арыктоо үчүн заара айдоочу дары-дармектерди өз алдынча ичүү ден соолукка зыян. Айрымдар суюктукту чыгаруучу дары каражаттарды туздуу тамактарды көп жеп алышат.
Заара айдоочу дары каражаттар биринчи кезекте организмдеги суюктуктун азайып кетишине алып келет, бул кооптуу. Мындан тышкары, ал кандагы калий, кальций, глюкоза жана заара кислотасынын деңгээлине таасир берет. Калийдин өзгөрүшүнөн кээ бирлеринин жүрөгүнүн иштеши бузулат же кант диабети пайда болушу мүмкүн. Себепсиз эле заара айдоочу каражаттарды иче берсе, бөйрөк менен анын үстүндөгү бездер ага каршы иштеп, күч менен суюктукту кармайт. Дарыгер мындай дарыларды жазууда көптөгөн факторлорду эске алат.
Мындай дарылар кандай оорулар үчүн жазылат? Көбүнчө аны кан басымы өтө жогоруларга сунушташат.
Ал заараны айдаганга таасир эткени менен артериялык басымды да төмөндөтөт. Суюктук организмден чыкпай калганда да ичишет, боор циррозу менен жабыркагандардын денесинен суюктуктун чыгышын шарттайт, жүрөгү ооругандарга буттагы шишиктерин кетирүү үчүн берилет.
Дарыгер курамында калий көп азыктар организмден суюктуктун бөлүнүшүн шарттай турганын билдирди. Кофеин организмдеги суюктуктарды чыгарат. Мындан тышкары, калий мөмө-жемиштерде көп болот жана буга банан, өрүк кирет.



