Коом

Ош шаарында «Биз баңгизатка каршыбыз!» аттуу акция өткөрүлдү

Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы сейил багында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнны кызматкерлери 26-июнь “Эл аралык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнө” арналган бир айлыктын алкагында “Биз баңгизатка каршыбыз!” деген ураандын алдында акция уюштурулуп, өткөрүлдү.


Акцияга Ош шаарынын Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Ош шаарынын Мэриясынын алдындагы жаштар комитети, Ош шаарынын психиатрия жана наркология борборунун, «Ата-энелер баңгизатка каршы» коомдук фондунун өкүлдөрү, ошондой эле сейил багында эс алып жаткан жаштар катышты.
Акциянын максаты — жаштарды баңгисиз активдүү жашоого тартуу, сергек жашоого үндөө, жоопкерчилик сезимин ойготуу, бири-бирин сыйлоого чакыруу.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын башчысынын орун басары Хажиматов М.А. өз сөзүндө сергек жашоого чакырды, ар дайым “Баңгизатка жол жок” деп айта билүү жана албетте туура чечим кабыл алуу үчүн ар дайым көндүмдөрдү өнүктүрүү керек.
Кабыл алынган ар бир туура чечим өлкөнүн келечегине болгон инвестиция. Наркологиялык мекеменин өкүлү бүгүнкү күндө баңги, психотроптук жана синтетикалык заттарды колдонуу тенденциясы кандай өзгөрүп жатканын айтып берди.
Акция музыкалык номерлер, улуттук оюндар, викторина, баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, ден соолукту сактоо боюнча суроо-жооптор менен коштолду.
ҮМБнын кызматкерлери меридиан чекитинин табуу үчүн жеңил көнүгүүлөрдү колдонуу менен гимнастика сабагын өткөрүштү. Өз кезегинде Жаштар иштери боюнча комитети жаштарды сергек жашоого умтулууга чакырып, Кыргызстандын тарыхына байланыштуу суроолорду камтыган викторина уюштуруп, өзгөчөлөнгөндөр атайын даярдалган баалуу белектер менен сыйланышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button