Коом
Ош мэри курулуш компаниялар бузган жолдорду оңдоого милдеттүү экенин эскерти

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатып бузган жолдор менен тротуарларды кайрадан өз каражатына оңдоп берүүгө милдеттүү экенин билдирди.
Анын айтымында, компаниялар суу жана электр линияларын тартуу учурунда жолдорду казып, тротуарларды бузууда. “Жолду бузса – кайра жасасын. Мэрияга батир деле, коммерциялык аянт деле кереги жок, болгону жолдорду баштапкы абалына келтирсин”, – деди Жеңишбек Токторбаев.
Ал эми талапты аткарбаган курулуш компаниялардын объектилеринде электр жана суу берүү токтотулаары эскертилди.



