Муфтият матчество тууралуу билдирүү таратты

▪️Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат
▪️ Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө майып балдардын төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептен баланын атасы белгилүү болуусун жактайт
▪️Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет
▪️Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык
▪️Матчествого өтүү баланын психологиялык жаракат алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн.



