Коом
Камчыбек Ташиев «матчествого» каршы пикирин билдирди
УМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев балага энесинин атын берүүгө, башкача айтканда, «матчествого» каршы пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Матчество» болбойт. Бул чечимди ким кабыл алса, ошол киши кайра чечимди жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям», – деп жазды.
Буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, муфтий Замир Ракиев да «матчествого» каршы чыгышкан.
Белгилей кетсек, 30-июнда Конституциялык сот «матчество» же «матронимге» уруксат берген болчу.



