Коом

14-июндан тарта Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча күнүгө поезд жүрө баштайт. Баасы

14-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезд Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Билдирмеге караганда, поезд 14-июндан 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттайт. 15-июлдан тарта августтун аягына чейин күн сайын жүрмөкчү.

«Поезд Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:46да жетип калат. Балыкчыдан кайра саат 18:12де чыгып, Бишкекке 22:18де келет. Поезддин ичинде кондиционер, жумшак отургучтар, дивандар жана буфет бар», — деп жазылат кабарда.

Баасы:

кадимки вагондордо 5 жашка чейинки балдарга акысыз;

5-10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом;

10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 150 сом.

люкс вагонунда деле 5 жашка чейинки балдарга акысыз;

5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 250 сом;

10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө 500 сом.

VIP-вагондо 5 жашка чейинкилерге акысыз;

5 жаштан 10 жашка чейинкилерге 400 сом;

10 жаштан жогорку курактагы жүргүнчүлөргө 800 сом.

Кол жүгүн жеткирүү акысыз.

Толук маалыматты (0312) 30-02-09, 92-68-54,92-68-40, 0 705 07-66-96 телефондоруна чалып билсе болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button