
2023-жылдын 14-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов менен Польша РеспубликасынынАудитинин жогорку органынын (АЖО) президенти Мариан Банас башында турган делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.
Делегациянын курамына АЖОнун президентинин кеңешчилери Войцех Кутыла жана Гжегож Хабер, ошондой эле IDI (Өнүгүү демилгеси) INTOSAI (Жогорку аудит институттарынын эл аралык уюмунун) улук менеджери Йоштейн Телнес кирген.

Польша Республикасынын АЖОсу жана IDI INTOSAI делегациясынын иш сапарынын максаты — Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын институционалдык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоордун үстүндө иштөө болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын АЖОнун ортосунда кызматташуу келишимине, ошондой эле Жогорку аудит органдарынын жоопкерчилигинин глобалдык демилгесинин алкагында (GSAI) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польша Республикасынын АЖОсу жана INTOSAI Өнүгүү демилгеси ортосунда, үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул макулдашуулар тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүүнүн методологиясы жана жол-жоболору жаатында тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жаатындагы өз ара аракеттенүү, консультацияларды уюштуруу жана өткөрүү, биргелешкен илимий-изилдөө, аудитордук иш-чараларды өткөрүү боюнча маселелерди камтыйт.
Жолугушуунун жүрүшүндө аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык методологиялык базаны жакшыртууга, кызматкерлерди окутууга жана санариптештирүүнү колдонуу менен аудит процесстерин колдоого тиешелүү жогоруда аталган келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польша Республкасынын аудиттин жогорку органынын делегациясына жана IDI INTOSAI өкүлүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорду ишке ашырууда ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.




